Биз менен байланышыңыз

28-апрелде Бишкекте «Мээримдүү тыйын» акциясы өтөт

Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 723 | 0

28-апрель саат 12:00дө Бишкектеги соода борборлорунун биринде «Элим, барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фонду «Мээримдүү тыйын» акциясын өткөрөт. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Иш-чаранын максаты операцияга муктаж болгон (фонддо каттоодо турган) жаш өспүрүмдөргө каражат топтоо болуп саналат. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз эстрада жылдыздарынын коштоосундагы шоу программа тартууланат. Ошондой эле, белектерди ойнотуу, балдар үчүн ар кандай оюн-зооктор да каралган.

Бул акция акыркы 4 жылдан бери жылына эки жолу, май жана ноябрь айларында өткөрүлүп келет. 2018-жылы декабрь айында 250 592 сом чогултулуп, 3 өспүрүмдүн операциясына сарпталган. Үч жылдын ичинде 20дан ашык жаш өспүрүмгө операция жасалды. «Мээримдүү тыйын» акциясы Бириккен Улуттар уюму тарабынан жогорку деңгээлде бааланып, БУУнун «Түндүк-Түштүк» программасынын негизинде башка мамлекеттерге үлгү катары сунушталган.

Copyright © 2017 Maral FM