Ушул жылдын июль айынан тарта «Шарджа-Бишкек-Шарджа» авиакаттамы ишке кирет. Бул тууралуу Кыргызстандын Дубай шаарындагы башкы консулдугу маалымдады.
Маалыматта: «Көптөгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, «Air Arabia» авиакомпаниясы ушул жылдын 2-июлунан тарта «Шарджа-Бишкек-Шарджа» түз авиакаттамдарын ачканга даяр экендигин билдирди», — деп айтылат.
Азыркы тапта кыргыз тарап менен «Air Arabia» авиакомпаниясынын ортосунда тиешелүү макулдашууга кол коюуга даярдыктар көрүлө баштаганын да кошумчалайт Кыргызстандын Дубай шаарындагы башкы консулдугу.