Биз менен байланышыңыз

Уран кенин жеринен иликтөөгө Өкмөттүк топ жөнөп кетти

Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 515 | 1

Ысык-Көлдүн Кызыл-Омпол аймагындагы уран кенин казуу боюнча кырдаал менен жеринен таанышып келүү максатында Өкмөттүн атайын тобу жөнөп кетти.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн өткөн жылдагы иши тууралуу Жогорку Кеңеште отчет берип жатып билдирди.

Уран кениндеги ишти жеринен көрүп келүү үчүн вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектеген топ элге жолугат. Ишкананын иши менен таанышат.

«Уран кени боюнча чечим кабыл алынган. Иш ведомстволор аралык комиссия изилдеп чыгып корутундусун берсин деп токтотулган. Кечээден баштап, машина-тракторлордун баары  чыгарылып кеткен. Алар кырдаал менен жеринен таанышып, Өкмөткө маалымат берет», — деди Абылгазиев.

1 пикир

1 пикир

  1. Каныбек ыссык-колдон

    25.04.2019 11:31

    Абылгазиев эл душманы сени кызматынан кетишин керек элге жакшылыгын жок

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM