Биз менен байланышыңыз

«Кыргызнефтегаз» жылына 70 млн сомго чалгындоо иштерин жүргүзүп жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Апр 2019 | 781 | 0

«Кыргызнефтегаз» акционердик коомунун башкармалыгынын башкы инженери Тимур Мураталиев «Марал» радиосуна берген маегинде компанияны иштетип кетүү үчүн паралеллдүү түрдө көп жерде чалгындоо иштерин жүргүзүү зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, «Кыргызнефтегаз» ишканасы жыл сайын 70 млн. сомдук каражатка чалгындоо иштерин жүргүзүп жатат. Бирок, бул — өтө аз.

«Өрөөндөрдө мунайдын 450 млн. тонна запасы бар. Убагында «Кыргызнефтегаз» 490 миң тоннага чейин өндүрүм берип келген. Бирок, бул көрсөткүч акыркы жылдары төмөндөп кеткен. Мындан улам Орусиянын «Газпром» ишканасы менен иштешүү зарыл. Түрктөр, индиялыктар да келишти. Бирок, шарттар туура келбей кайра кетип калышты. Мындан сырткары, кытайлык компания да кайрылган, бирок механизмдери бизге туура келген жок», — дейт Мураталиев.

Маалым болгондой, «Газпром» ишканасы менен бекитилген жол картасына кол коюлса, орус тарап 1 млрд. долларга жакын инвестиция салат. Ал мунайды кайра иштетүүчү заводго, чалгындоо иштерине, техникаларды жаңылоого керектелет.

Ошондой эле, чыгарылган өндүрүмдүн көлөмү жогорулайт. Эсеп боюнча Кыргызстандын түштүк аймагын газ менен толук камсыздоого мүмкүнчүлүк жаралат. Мындан сырткары, кошумча жумуш орундар түзүлөт.

Эске салсак, Кыргызстан менен Орусиянын мамлекет башчыларынын катышуусунда эки тараптуу кол коюлган документтердин арасында «Мунайгаз тармагына жумшалуучу инвестициялар боюнча жол картасы» бекитилген. Анда «Кыргызнефтегаз» компаниясынын активдерин жана мүлкүн «Газпромго» өткөрүп берүүнүн шарттары көрсөтүлгөн. Ага Орусиянын «Газпром» компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер менен Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM