Биз менен байланышыңыз

Кыргызбаев: «Кыргызнефтегазга» сөзсүз инвестиция келиши керек

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Апр 2019 | 712 | 0

Тоо кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасынын орун басары Дүйшөн Кыргызбаев «Марал» радиосуна берген маегинде «Кыргызнефтегаз» ишканасына сөзсүз түрдө инвестиция келиши керектигин билдирди.

Анын айтымында, инвестициясыз мунайзатты өндүрүү оор. Бирок, инвестор кандай тартипте иштей турганын изилдеген соң гана бир чечимге баруу зарыл.

Кыргызбаев «Кыргызнефтегаз» көп жылдан бери алгылыктуу иштеп келе жатканын белгилейт.

«Өкмөт жакшы көңүл бурбай, жетиштүү акча бөлүп бербегендигинен, тактап айтканда, каражаттын тартыштыгынан улам компанияда ушул маселе келип чыгууда. Алсак, мунайдын корун бургулоого 190 млн. сомдон ашык каражат керектелет. Бирок, өкмөттө мындай акча жок. Биздин мунайзатка муктаждыгыбыз 1,5 млн. тонна болуп жатат. Орусия үчүн 2 млн. тонна өндүрүм абдан аз. Ага карабай, алар стартегиялык өнөктөш өлкө катары жардам көрсөтүп жатат», — дейт Кыргызбаев.

Ал кандай болгон күндө да, кыргыз тарап келишимде акча каражаттарын так аныктап алышы керек экенин баса белгиледи.

«Долбоорго каршы болгондордун да пикирин туура кабыл алуу зарыл. Анткени, «Жер үй» алтын кенинде мамлекеттин үлүшү жок болуп калган. Ошондон улам, чочулоо бар. «Газпром» менен түзүлгөн келишимде Кырыгзстандын үлүшү каралышы зарыл. Кыргыз тарап стратегиялык көз карашта өз оюубузду айтышыбыз керек», — дейт Кыргызбаев.

Эске салсак, Кыргызстан менен Орусиянын мамлекет башчыларынын катышуусунда эки тараптуу кол коюлган документтердин арасында «Мунайгаз тармагына жумшалуучу инвестициялар боюнча жол картасы» бекитилген. Анда «Кыргызнефтегаз» компаниясынын активдерин жана мүлкүн «Газпромго» өткөрүп берүүнүн шарттары көрсөтүлгөн. Ага Орусиянын «Газпром» компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер менен Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM