Биз менен байланышыңыз

Бостонов: «Кыргызнефтегазды» бербей коюуга болбой жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Апр 2019 | 983 | 0

«Кыргызнефтегаз» компаниясынын активдерин жана мүлкүн Орусиянын «Газпром» ишканасына бербей коюуга да болбой жатат. Анткени, компания чыгарган өндүрүм август айынан тарта токтошу зарыл. Бул тууралуу «Кыргызнефтегаз» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Рашит Бостонов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын август айынан тарта ЕАЭБдин алкагында «Кыргызнефтегаз» чыгарган өндүрүмдү сатууга мүмкүн эмес.

Эгерде «Газпром» менен келишимге кол коюлса, чыгарылган өндүрүмдүн көлөмү жогорулайт. Эсеп боюнча Кыргызстандын түштүк аймагын толук газ менен  камсыздоого мүмкүнчүлүк жаралат. Мындан сырткары, кошумча жумуш орундар түзүлөт.

«Учурда биздин компания жылына 30 млн. куб газ өндүрөт, бул өтө аз. Аны көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Себеби, өлкөдө газдын 4 млрд. кубдан ашык запасы аныкталган.  «Газпром» келсе, жылына 380 млн. куб газ өндүрсөк, Кыргызстандын аймагын газ менен камсыздоого болот. Бирок, орус тарап бензиндин баасын кымбаттатып жибериши мүмкүн. Мындан улам, кыргыз өкмөтү келишимде өндүрүмдөрдүн наркына чек коюшу зарыл. Алсак, газдын баасын 10 сомдон ашырбайсыңар деп турабыз», — дейт Бостонов.

Маалым болгондой, кыргыз өкмөтү 2017-жылдын декабрында «Кыргызнефтегазга» стратегиялык инвестиция тартуу боюнча сунуш киргизген. Анын алкагында жумушчу топ түзүлүп, иштер башталган.

Бостонов буга кошумча, «Кыргызнефтегаздын» кызматкерлери да «Газпром» ишканасы менен иштешүүгө кызыкдар экенин билдирип, башка компаниялар өздөрүнүн жумушчуларын кошо ала келерин белгилешкенин айтып өттү.

Эске салсак, Кыргызстан менен Орусиянын мамлекет башчыларынын катышуусунда эки тараптуу кол коюлган документтердин арасында «Мунайгаз тармагына жумшалуучу инвестициялар боюнча жол картасы» бекитилген. Анда «Кыргызнефтегаз» компаниясынын активдерин жана мүлкүн «Газпромго» өткөрүп берүүнүн шарттары көрсөтүлгөн. Ага Орусиянын «Газпром» компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер менен Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM