Биз менен байланышыңыз

Бостонов: «Кыргызнефтегаз» маселесине декабрдын соңуна чейин чекит коюлат

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Апр 2019 | 937 | 0

Ушул жылдын декабрына чейин «Кыргызнефтегаз» компаниясынын активдерин жана мүлкүн «Газпромго» өткөрүү маселесине чекит коюлат. Бул тууралуу «Кыргызнефтегаз» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Рашит Бостонов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, алдыда жол картасына кол коюлган соң, жумушчу топ түзүлөт. Анын алкагында Орусия менен Кыргызстандын компаниядагы үлүшү аныкталат. Келишимде «Кыргызнефтегаздын» үлүшү эки өлкөлөрдүн өкмөт башчылары тарабынан чечилет.

«Жол картасына» кол коюу компанияны толугу менен өткөрүп берүү дегенди билдирбейт. Биз Орусия менен иштешебиз, Кыргызстанга пайдалуу болсо, өкмөттөр аралык келишимге кол коюлуп, аны ратификациядан өткөрүү үчүн Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. Ал жерде да эл өкүлдөрү талкуулайт», — дейт Бостонов.

Маалыматка ылайык, «Газпром» менен келишимге кол коюлса, орус тарап 1 млрд. долларга жакын инвестиция салат. Ал мунайды кайра иштетүүчү заводго, чалгындоо иштерине, техникаларды жаңылоого керектелет.

«Чалгындоо иштерине 190 млн. сом керектелет. Акыркы эки жылда 100 мин тоннадан ашык өндүрүм өндүрдүк. Былтыр 844 млн. сом таза киреше таптык. Ошондо жылына 12 млн. доллар таап жатабыз. Заводду кайра курууга 120 млн. доллар сарпталат. Мындай темп менен дагы 10 жыл иштесек, заводду өзүбүз курабыз. Бирок, андан башка иштер да бар. Технологиялык паркты оңдошубуз керек. 25 жылдык техникалар турат. «Кыргызнефтегаз» эптеп курсагын тойгузса болот. Бирок биз жалпы эл үчүн деп, ишканадан бюджетке түшкөн каражат көбөйсө дейбиз», — дейт Бостонов.

Эске салсак, Кыргызстан менен Орусиянын мамлекет башчыларынын катышуусунда эки тараптуу кол коюлган документтердин арасында «Мунайгаз тармагына жумшалуучу инвестициялар боюнча жол картасы» бекитилген. Анда «Кыргызнефтегаз» компаниясынын активдерин жана мүлкүн «Газпромго» өткөрүп берүүнүн шарттары көрсөтүлгөн. Ага Орусиянын «Газпром» компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер менен Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM