Биз менен байланышыңыз

Кыргызбаев: «Centerra» менен социалдык өнөктөштүк фонддорунун түзүлүшү жакшы көрүнүш

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Окт 2019 | 583 | 0

Өкмөт менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосунда социалдык өнөктөштүк фонддорунун түзүлүшү жакшы көрүнүш. Анткени, буга чейин мамлекеттик деңгээлде мындай фонддор түзүлгөн эмес. Эми адистер аймактарды кыдырып, экологиялык көйгөйлөрдү жоюу боюнча долбоор даярдап иштешет. Бул тууралуу Кыргызстандын Геологдор жана тоо кенчилер ассоциациясынын төрагасынын орун басары Дүйшөн Кыргызбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Фонддо иштегендер таза иштеши зарыл. «AMEC» экологиялык компаниясынын сунушунун негизинде эки фондго 10 млн доллардан каражат түшөт. Андан сырткары, дүң кирешеден да 3,7 млн доллар бөлүнөт. Бул азыркы өкмөттүн ишемдүүлүгүнүн жакшы жагы. Алтын өндүргөн ишканаларда сөзсүз көйгөйлүү маселелер болот. Андыктан, кенди иштетерде мамлекет туура келишим түзүлүшү керек«, — дейт Кыргызбаев.

Ал кошумчалагандай, Кумтөр компаниясына чектелген 26 миң гектар жерде Сарычат — Ээр-Таш коругуна кирген жер жок.

Эске салсак, августтун соңунда өкмөт менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосундагы стратегиялык макулдашуу дагы 150 млн долларга көбөйтүлгөн. Келишимдин негизинде Жаратылышты өнүктүрүү фонду жана Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM