Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Баарын ойлонткон бала бакча көйгөйү

Билим-маданият | 24 Апр 2019 | 750 | 0

Интернет булактары аркылуу Бишкек шаарындагы №1 бала бакчадагы жеткинчектердин видеосу тарады. Анда балдардын узун-туурасынан ар жерде жатканын, бир керебетке 3-4ттөн уктаганын көрүүгө болот. Кырдаалды шаардык мэрия: «Имаратты оңдоп жаткандыктан, ушундай болду», — деп түшүндүргөн. Бирок, башка бала бакчаларда деле мындай көрүнүштөр бар экени маалым. Ал эми, Ысык-Көл облусундагы жагдай кандай? Теманы облустагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен алынган маалыматтар менен улантабыз. 

Түп районуна караштуу Арал айылынын тургуну Бактыгүл Бейшембиева эл катары небересин типтүү бала бакчага бергиси келет. Бирок, бул кыштактын бала бакчасы 3 гана саат окутат. Натыйжада, Эржан сыяктуу башка балдар саат 12ден кийин үйлөрүнө жөнөшөт. «Бул маселе өкмөттүк деӊгээлде чечилсе, балдардын келечекке болгон өнүүгүсү жакшырмак», — дейт.

— Биздеги бала бакча эртеӊ мененки 8ден түшкү 12ге чейин эле иштейт. Ясли жок, бала бакчага деле чоңураак балдарды гана кабыл алат. Бул мекемени кечке чейин иштей тургандай кылып уюштурса, балдарыбызга жакшы болмок. Жеп кетмей, кымырып алмайлар тыйылбай жатса, кайдагы мүмкүнчүлүк? Бала бакчага айына 200 сомдон беребиз, ал балдарыбыздын бир чыны чай, бир булочкасына эле жетет. 

Мындай көйгөй облустун бардык район-шаарларында бар. Аймак боюнча жалпы 15 миӊ 280 жеткинчек тарбия алса, кезек күткөн ата-энелердин саны 4,5 миӊден ашат. Жергиликтүү тургундар: «Бийликтин билим берүүгө көбүрөөк көӊүл буруусу шарт», — дешет.

— Бала бакчанын санын көбөйтсө жакшы болмок, азыр жаштардын көбү жумушта болгон соӊ, балдарын эч жерге таштай алышпайт. Айрымдары эки жакка да чыга албай калышты.

— Билим берүү тармагын өркүндөткөн эч ким жок, анан бизге кайдагы бала бакча? Жадагалса, мектепке чейинки мекемелер кандай иштеп жатканына көзөмөл жок. Балдарыбызды ар кай жерде кармап жүрөбүз.

— Мен медициналык коллеждин 1-курсунда окуйм. Алгачкы келгенде эле мугалимдер мектепте билим деӊгээл төмөн экенин айтышкан. Бул да болсо, бала бакчанын аздыгынан келип чыгып жатат.

— Акыркы жылдары облуста миллиондогон акчаларга эстелик тургузула баштады. Ошонун ордуна бала бакчанын санын көбөйтсө пайдалуу болмок.

Маселен, облус боюнча жалпы 92 бала бакча иш алып барат. Бирок бул көрсөткүч 61 айыл аймак, 3 шаар үчүн жетишсиз. Айрыкча, бакча көйгөйү Тоӊ районунда орун алганын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурия Төлөнгүтова билдирди. Анын себебин жакыр айыл өкмөттөргө байланыштырды.

— Колдон келсе ар бир айылга бирден бала бакча ачып берсек жакшы эле болмок. Тилекке каршы мүмкүнчүлүк жок, бардыгы жергиликтүү бюджеттен көз каранды. Дегеним, айыл өкмөттөрүбүздүн көбү дотацияда. Ошентсе да, 3 сааттан билим берген кыска мөөнөттүк бала бакчаларды ачууга аракет кылуудабыз. Азыр райондо 7 бала бакча болсо, анын үчөө кыска мөөнөттүк режимде иштейт.

Ал эми облус борбору Каракол шаарында жалпы 14 типтүү бала бакча иштеп, 4226 жеткинчек тарбия алат. Кезек күткөндөрдүн санын кыскарткандан кийин, 1 орунга 2-3төн бала туура келүүдө. Демек, көрсөтүлгөн ченемден 2 миң бала ашык. «Дагы 5 имарат курулса, маселе жеӊилдемек», — дейт облустук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Асел Токтакунова.

— Караколдо Советтер Союзунун убагында 30 бала бакча иштечү экен. Кийин имараттар менчиктештирилип отуруп, эки эсе кыскарып кеткен. Азыр 10 мекемени ишке берүү зарылчылык бар. Каражаттык талапты эске алганда, шартка туура келбейт экен. Ошон үчүн дагы 5 бала бакча болсо, ченемге жараша бөлүштүрмөкпүз. Чындыгында бир орунга экиден-үчтөн бала жаткан учур кездешет.

Copyright © 2017 Maral FM