Биз менен байланышыңыз

Күзгүнүн адамдын психологиясына таасири кандай?

Блог | 24 Апр 2019 | 1413 | 0

Жаңы үй алып, аны кантип кооздосом деп ойлонуп жатасызбы? Же үйүңүздүн жасалгасын өзгөртүүнү каалап, учурдагы заманбап стилдеги, чоң күзгүлүү, айнектүү үйдү элестетип, бирок тандоодон кыйналып жатасызбы? Анда сиздерге Кыргызстандагы эң алдыңкы айнектер топтомун чыгарган «Айнекстан» компаниясынын адистери берген кеңештерди сунуштайбыз:

Күзгүнү кайсы бөлмөлөргө койгон ыңгайлуу?

Күзгүнү кире беришке, (коридорго) коюу сунушталат. Себеби, адам үйдөн чыгып баратканда, өзүнө карап, кийген кийимин, сырткы келбетин оңдоп, көңүлү тынч, маанайы көтөрүлүп чыгат. Үйдүн ичин жасалгалоодо кире беришке коюу үчүн кооз жана ыңгайлуу эмерек катары эң жакшысы күзгү эмеспи. Кире беришке коюлган ыңгайлуу күзгү кооздукту гана билдирбестен, айлананы кенен жана жарык кылып көрсөтүүнүн сонун ыкмасы болуп саналат.

Ал эми төмөндө кире беришке коюлуучу күзгүнүн түрлөрүн карап, табитиңизге жараша тандасаңыз болот.

Учурда көпчүлүк адамдар ыңгайлуу эмерек тандоодо фен шуй дизайнына кайрылышат. Мындай дизайндагы күзгүнү колдонууда төмөнкү эрежелерге көңүл бурганыңыз оң:

— Кире беришке коюуда тулку-боюңузду толугу менен көрсөткөн күзгү ыңгайлуу, ал сизге өзүңүздү бүтүн жана бекем экениңизге ишенимдүү сезимдерди тартуулайт;

— Күзгүнү жок дегенде өзүңүздү жана аураңызды көрө алгандай бийиктикте жайгаштыруу кажет: жок дегенде башыңыз менен желкеңиз көрүнгөндөй болушу шарт;

-Күзгүнү эшиктин так маңдайына коюу сунушталбайт. Айрыкча экөөнүн аралыгы 1,5 метрден аз болсо. Себеби, ал кире бериштеги бир эле энергияны кармап, толук энергиянын айлануусуна тоскоолдук жаратат.

Андан сырткары адистер күзгүнү бири-бирине каршы жайгаштырууну да сунуштабайт. Ал адамдын өзүн ыңгайсыз сезүүсүнө алып келет.

Ал эми жыгач рамкадан жасалган күзгүлөр ар кандай өң менен жарашып, үйгө жайлуулук тартуулайт.

Тулку-бойду толук көрсөткөн күзгү көп орунду ээлебей, айлананы кенен көрсөтөт

Уктоочу бөлмөдөгү күзгү адамдын психологиясына кандай таасир берет?

Ал эми күзгүнү уктоочу бөлмөгө жайгаштырууну кааласаңыз, бул да сонун чечим демекчибиз. Себеби, уктоочу бөлмөдө күзгүнүн болушу адамдын психологиясына жакшы таасир берет. Эрте менен ойгонгондо күзгүнү карап, «Мен жакшымын, бүгүнкү күн жакшы өтөт», «Мен сулуумун, өзүмө ишеничтүүмүн» деп өзүң менен сүйлөшүп, өзүңө дем берип, маанайыңды жаркытканга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Күзгү жана айнектерге кантип кам көрүү зарыл?

Албетте, күзгү алган соң, ага туура кам көрүү да өтө маанилүү. Күзгүнү, терезени атайын айнек тазалоочу каражат менен күн сайын тазалап туруу сунушталат.

Айнек же күзгү тандоодо эмнеге көңүл бөлүү керек?

Азыркы тапта өзүңүз билгендей эле, күн сайын, жаңы техникалар чыгып, дизайндар бат-бат өзгөрүлүүдө. Азыркы заманбап үйлөрдү карап көрсөңүз, көбүнчө айнек колдонулат. Ошол эле Европада, шаардын борборундагы курулуштар да көбү айнектен. Мисалы, Бишкектеги кафе-ресторандардын көпчүлүгү имараттарын өзгөчө күзгүлөр (мозаика) менен кооздоого өтүштү.

Албетте, бул курулуштарга жөнөкөй айнек колдонулбайт, себеби, ал ден соолукка аябай зыян. Мындай курулуштарга биз («Айнекстан» компаниясы) триплекс, башкача айтканда бышырылган айнектерди сунуштайбыз. Анткени, бышырылган айнектер – сапаттуу, оңой менен сынбайт, кокус сынса да бытырап кетпей, ири бөлүктөргө бөлүнүп түшөт. Адамдын ден соолугуна эч кандай зыян келтирбейт.

 

Copyright © 2017 Maral FM