Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр: Мамлекеттик программаларды ишке ашырууда жылыштар бар

Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 470 | 0

Мамлекеттик программаларды ишке ашырууда оң динамика катталды. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште Өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берип жатып билдирди.

«Өкмөттүн ишиндеги оң динамика мамлекеттик программаларды ишке ашырууда катталды. 2017-жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөр 5,6 %га жакшырды», — деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал белгилегендей, эл аралык рейтингдерде Кыргыз Республикасынын позициясы 1,9 %га жогорулаган.

«Бизнести жүргүзүү» индекси боюнча биздин республика 190 өлкөнүн ичинен 70-орунга чыгып, 7 позицияга жакшырды. Өсүш 4 индикатор боюнча катталган: «Төлөөгө жөндөмсүздүктү чечүү» (+37 позицияга); «Эл аралык соода» (+14 позицияга); «Миноритардык инвесторлорду коргоо» (+13 позицияга); «Келишимдердин аткарылышын камсыздоо» (+8 позицияга) жакшырды», — дейт премьер-министр.

«Коррупцияны кабылдоо» индекси боюнча Кыргыз Республикасы 180 өлкөнүн ичинен 132-орунга чыгып, 3 позицияга жогорулаган. Экономикалык эркиндик индекси боюнча 180 өлкөнүн ичинен биздин мамлекет 79-орунда турат.

Премьер-министр кошумчалагандай, «Глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк» индекси боюнча биздин көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 5 позицияга жакшырган.

«Бул индекс макроэкономикалык туруктуулуктун жана Өкмөттүн 2018-жылдагы ишин баалоодогу негизги көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы белгилегендей, «Социалдык прогресс» индекси боюнча 2018-жылы Кыргыз Республикасы 146 өлкөнүн ичинен 78-орунга чыгып, олуттуу прогресске жетишти.

«Өлкөнүн өркүндөө» индекси боюнча биз 149 өлкөнүн ичинен 78-орунду ээлеп, 4 позицияга көтөрүлдүк. Негизинен, Өкмөттүн ишинин жалпы интегралдык көрсөткүчү 2,4 %га жакшырды», — деп белгиледи Премьер-министр.

Copyright © 2017 Maral FM