Биз менен байланышыңыз

Бишкекке 60 жаңы автобус алынып келинди (видео)

Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 593 | 0

Бүгүн, 24-апрелде Бишкекке 60 жаңы автобус алып келинди. Борбордук «Ала-Тоо» аянтында атайын презентациясы болот. Ага президент Сооронбай Жээнбеков жана шаар мэри Азиз Суракматовдун катышары күтүлүүдө.

Буга чейин 29-апрель Бишкек шаарынын күнүнө карата мурда сатылып алынган 60 автобус жол каттамына чыгарын мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев кабарлаган. Анын маалыматында, жаңы автобустар жетишпеген каттамдарга кошумчаланат. Долбоордун экинчи баскычы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Белгилей кетсек, быйыл мэрия газ менен жүрүүчү 69 автобус алууну пландаган. Тендерди кытайлык компания утуп алган.

Жакшы жаңылык

Опубликовано Расулом Курбановым Вторник, 23 апреля 2019 г.

Copyright © 2017 Maral FM