Биз менен байланышыңыз

Шри-Ланкадагы жардырууга «Ислам мамлекети» жоопкерчиликти алды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 514 | 0

Шри-Ланкадагы Пасха майрамында бир нече жерде орун алган жардыруу үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчиликти алганын SITE Intelligence Group уюму маалымдады.

Буга чейин Шри-Ланканын Коргоо министри Руван Виджевардена терракт боюнча алдыңкы иликтөө кызматтары жардырууну Крайстчерчтеги мусулмандардын өлүмүнө жооп катары болгонун айтышкан.

Акыркы маалыматтар боюнча, Шри-Ланкадагы жардыруудан каза болгондордун саны 321ге жетип, 520 адам жаракат алган.

«Джамаат ат-Таухид аль-Ватания» экстремисттик тобу болуп өткөн жардырууга жоопкерчиликти алды.

Шри-Ланканын полициясы  жардырууга шектүү катары 40 адамды туткундаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM