Биз менен байланышыңыз

Тажыбай: Украинанын сырткы саясатында өзгөрүү болбойт

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Апр 2019 | 397 | 0

Украинанын сырткы саясатында эч кандай өзгөрүү болбойт. Анткени, Владимир Зеленский программасында көбүрөөк ички саясатка басым жасаган. Мындай пикирин саясат талдоочу Алмаз Тажыбай «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эми Зеленский администрациялык реформага барат. Себеби, ал президенттик шайлоонун алдында замандын талаптарына жооп бербеген, коррупцияга малынган администрацияны алмаштырарын белгилеген. Бирок, Зеленсикий үчүн экономика тармагын өнүктүрүү кыйынчылык жаратышы мүмкүн.

Украинанын учурдагы лидери Петр Порошенконун бийликте партиясы бар. Демек, Порошенконун тарапташтары бар. Ал эми Зеленскийдин парламентте колдоочулары жок. Бирок, аны учурда эки партия жактай баштады. Эгер парламенттеги фракциялар Зеленскийди колдобосо, анда анын реформалары үзгүлтүккө учурашы ыктымал.

Тажыбайдын баамында, Зеленскийдин шайлоодо утуп чыгышы мурдагы СССР өлкөлөрүндөгү авторитардык башкаруу алсыздап бара жатканына мисал болгон. Ошондой эле, өлкөнү мамлекеттик кызматта иштеп тажрыйба топтогондор башкарышы керек деген мифти жокко чыгарган.

«Юмордук, актердук чеберчилик оор. Аны эң акылдуу адамдар гана өздөштүрө алат», — дейт Тажыбай.

Ал мындан сырткары, Зеленский социалдык тармактарда үгүт иштерин жүргүзүү менен Франциянын президенти Э. Макрондун жеңишин кайталаганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM