Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореядагы Кьюнгин университетинин филиалы Ташкентте ачылат

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 610 | 0

Түштүк Кореянын Кьюнгин аялдардын эл аралык университетинин филиалы 2019-2020-жылдарда Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте ачылат. Бул тууралуу «Узтекстильпром» ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Индын Өзбекстанга болгон иш сапарында эки өлкө биргеликте Эл аралык Кьюнгин университетинин филиалын Ташкентте ачуу боюнча  макулдашышкан. Мунун негизинде 20-апрелде Жогорку окуу жайды ачуу жана долбоорду ишке ашыруу боюнча эки тараптуу меморандумга кол коюлган.

Окуу борбору эл аралык стандарттарга ылайык дизайн, мода, авиация жана туризм, сулуулук индустриясы, жеңил өнөр жай, саламаттыкты сактоо жана башка тармактарда адистерди даярдамакчы.

Аталган окуу жай Түштүк Кореяда 1990-жылы негизделген.

 

Copyright © 2017 Maral FM