Биз менен байланышыңыз

Шри-Ланкада каза болгондордун саны 321ге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 543 | 0

Шри-Ланкадагы жардыруудан улам каза болгондордун саны 321ге жетти. Ал эми жабыр тарткандар 521. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ММК министри Руван Виджевардене билдирди.

Буга чейин каза болгондор 290, жабыркагандар 500 киши экени айтылган. Алардын арасында онго жакыны чет  өлкөлүк жарандар да болгон.

Агенттиктин маалыматы боюнча, кечээ жардыруу болгон чиркөөгө жакын жерде  жүк ташуучу унаа жарылган.  Жарылуу унаада табылган бомбаны алууга аракет кылган учурда болгон.

Бүгүн, 23-апрель Шри-Ланкада улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланып, бардык желектер ылдый түшүрүлгөн.

Жээнбеков Шри-Ланканын президентине көңүл айтты

Copyright © 2017 Maral FM