Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Шри-Ланканын президентине көңүл айтты

Кыска кабар | 22 Апр 2019 | 678 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-апрелде Шри-Ланканын Президенти Майтрипала Сирисенага Пасха учурунда бир нече шаарлардагы жардыруудан улам көптөгөн адамдардын өлүмүнө жана жабыркоосуна алып келген кайгылуу окуяга байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы жардыруулардын кесепетинен курман болгондор тууралуу кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алганын билдирди.

«Кыргызстандын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан бул жардыруунун кесепетинен каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтып, бардык жабыр тарткан адамдардын айыгып кетүүсүн каалайм», — дейт мамлекет башчысы көңүл айтуу телеграммасында.

 

Copyright © 2017 Maral FM