Биз менен байланышыңыз

Баткен: Кыргыз-Тажик чегинде чыккан чыр токтотулду

Кыска кабар | 23 Апр 2019 | 482 | 0

Баткендин чек арадагы Ак-Сай айылында абал туруктуу, кырдаал эки тараптын чек арачыларынын көзөмөлүндө турат.

Кечээ 10 жаштагы кыргыз баланы тажик жараны күч менен Тажикстандын аймагына алып кеткенден кийин нааразычылыктар пайда болгон.

Ак-Сай айылынын эли чогулуп, баланы кайтарып берүүнү тажик тараптан талап кылышкан. Жарым сааттан кийин баланы кайра кайтарып беришип, эл тарап кетишкен.

Мындай окуя кечээ катталганын мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн кабарлады.

Тажик жараны чек арадагы шарттуу тилкеге жакын жерде Геревшин дарыясындагы суунун нугун буруу ишин жүргүзүп жаткан.

Тажик тарап баланы тажиктердин тракторунун терезесин сындырган деп айыптап жатышат.

Окуяны жөнгө салуу үчүн эки тараптын чек арачылары байланышып, чек ара режимин сактап, курал колдонбоо, келип чыккан чырды сүйлөшүү жолу менен чечүүнү макулдашышкан.

Учурда чек арада эл топтолгон эмес. Жол кыймылдары эркин жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү бийлик, тийиштүү мекеме-уюмдар элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM