Биз менен байланышыңыз

«Абылгазиев митинг болгону үчүн ишти токтоттурган жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Апр 2019 | 641 | 0

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев митинг болгону үчүн Кызыл-Омпол кениндеги ишти токтотууну тапшырган жок. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов «Марал» радиосуна берген маегинде  билдирди.

Анын айтымында, өкмөт Кызыл-Омпол кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу ведомстволор аралык комиссия жыйынтыгын чыгарганга чейин кендеги ишти убактылуу токтоткон. Кендин тагдыры комиссиянын чечиминен көз каранды.

Уран кенин чалгындоого «UrAsia in Kyrgyzstan» ЖЧКсы лицензия алган. Компания 2020-жылга чейин чалгындоо иштерин бүтүрүп, кен казууга өзүнчө уруксат алышы керек. Эгерде кен казууга лицензия берилбесе, анда «UrAsia in Kyrgyzstan» уран кенин иштетпейт. Бирок компания компенсация талап кылып, сотко бериши мүмкүн.

Белгилей кетсек, ведомстволор аралык комиссиянын курамына министрлер, мекеме жетекчилери, Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү, аким, айыл өкмөт башчылары болуп 20га жакын киши кирген. Ага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов төрагалык кылат.

Мындан сырткары, өкмөттөр аралык комиссиянын курамына жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү, көз карандысыз серепчилер кошула алат.

Copyright © 2017 Maral FM