Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда уранды иштетүүгө каршы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлат

Кыска кабар | 1 мая 2019 | 858 | 0

Кыргызстандын бардык аймактарында уран кенин изилдөөгө, чалгындоого жана иштетүүгө мөөнөтсүз мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук угууга коюлат.

Бул тууралуу демилгечи депутат Алтынбек Сулайманов билдирди. Коомдук угуу келерки апта, 7-майга белгиленген.

Демилгечи депутаттардын бири Алтынбек Сулайманов мыйзам долбоорунда уранды казууга 50 жылдык мөөнөткө тыюу салуу сунушталганын «Марал» радиосуна билдирген болчу.

Андан кийинки талкуулардан улам, коомчулуктун пикири эске алынып, чексиз мөөнөткө тыюу салына турган мыйзам долбоору иштелип чыкты.

Долбоор депутаттар Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов жана Канат Керезбеков тарабынан демилгеленип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM