Биз менен байланышыңыз

Уран кени боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Кыска кабар | 28 Апр 2019 | 940 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, «Бир бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов жана КСДП фракциясынын депутаты Канат Керезбеков уран кенин казууга 2070-жылга чейин мораторий киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу Алмамбет Шыкмаматов Фейсбук баракчасына жарыялады.

Мыйзам долбоору жарандардын дени сак жашоосуна, эмгектенүүсүнө жана эс алуусуна шарт түзүүгө,  нурланууга каршы экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга, жер-сууну, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн, абаны коргоого багытталган.

Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, ушундай маалда мораторий киргизилбесе, учурда оң сүйлөп жаткандар, кийин тескери сүйлөп, уранды иштетүүнү колдоп чыга келиши да мүмкүн. Мораторий киргизилгенден кийин, 50 жыл  ичинде эч ким козгой албай калат.

«Биз, Сулайманов экөөбүз сунуш кылып жаткан мыйзам, уран кенин казууга 2070-жылга чейин 50 жылдык мораторий киргизүү. 50 жылда эл жаңы дегендей, 2070-жылда жаңы доор келип, экологияга, адамдын ден соолугуна зыян келтирбегидей иштей турган заманбап технология чыкса, жаңы муун бул кенди керегине жаратар. Болбосо мораторийди узартып коё алат. Эгер мыйзам кабыл алынса, аны бузууга, кайра казууга макулбуз дегенге жакынкы 10-15 жылда эч кимдин, кала берсе өкмөттүн дагы, президенттин дагы колу да, оозу да барбай калат», — деди Алмамбет Шыкмаматов.

Copyright © 2017 Maral FM