Биз менен байланышыңыз

Уранды казууга 2070-жылга чейин мараторий киргизүү демилгеси көтөрүлдү

Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 871 | 0

Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов баштаган бир катар депутаттар уран кенин казууга 2070-жылга чейин мораторий киргизүүчү мыйзам долбоорун демилгелеп жатышат.

Бул тууралуу ал «Фейсбук» баракчасы аркылуу билдирди.

«Мыйзам аркылуу изилдөө иштерин жүргүзүүгө да тыюу салынат. Кыргыз элинин ден соолугу, амандыгы баа жеткис. Депутаттар колдойт деп ишенем», — деп белгилейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM