Connect with us

Уран кенинин тагдыры — бийликтин чечиминен көз каранды

Коом , Экономика | 21 Апр 2019 | 1074 | 0

Ысык-Көл облусунда уран кени боюнча Өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ведомстволор аралык атайын комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамы чалгындоо жүрүп жаткан жеринде болуп, эми ар бир министрлик 10 күндүн ичинде план бекитип, көрсөтүлгөн багыттар боюнча иш алып барылат.

Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы болгон тараптар да келишкен. Анда кайым айтышуу болуп, жергиликтүү тургун Марат Акатов жана 20га жакын адам Уранды иштетпөөнү талап кылышты. Анын себебин экологияга, саламаттыкты сактоого, туризмге зыян алып келери менен байланыштырды.

— Уран деген алааматтын башталышы. Элдин баарын тукум курут кылат. Эртеӊки күнү Ысык-Көл облусубузда туризм токтойт. Бул убакта биздин айылга, Таш-Сарай, Орто-Токойго өрүк алуучулар алдын ала акча таштап кетишчү. Азыр ишкерлерден акча бермек турсун, эч ким келген жок. Бир топ эле залакасы тиет.

Буга Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү көтөрүлгөн маселе боюнча чаралар көрүлөрүн билдиришти. Нааразычылык жаралбаш үчүн министрликтер менен бирге курамга мүчө болуп кирүүгө да чакырышты. Эӊ негизги максат тууралуу тең төрага, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов мындайча түшүндүрдү.

— Бул жер ишке кирген күндө дагы «хвостохранилище» болбойт. Азыркы тапта изилдөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен лицензия кайра берилер-берилбесин убакыт көргөзөт. Бүгүнкү күндө түзүлгөн комиссия жерине барып таанышып карап жатабыз. Урандын кандай алынарын көрүшүбүз керек. Талап боюнча кенди алган күндө дагы топурактан бөлүүгө химиялык заттар колдонулбайт, гравитациялык ыкма пайдаланылат. Суу менен гана жуулуп, топурагы калат. Торий менен уран Кара-Балтадагы кайра иштетүүчү ишканага жөнөтүлүп, ошол жактан иштетилет. Биздин топ калкка, мал-мүлккө, экологияга кандай зыян алып келерин толук анализдейбиз.

Ал ортодо уран кенин чалгындоого лицензия алган «UrAsia in Kyrgyzstan» ЖЧКсынын башкы директору Светлана Менг да үн катты. Ал алынган лицензия тууралуу жана учурдагы кенде кандай иштер жүрүп жатканы боюнча кабарлады.

— 2011-жылы биз техникалык долбоорду даярдасак, 2012-жылы толук чалгындоо иштерин жүргүзө баштаганбыз.  Бул геологиялык чалгындоо боюнча кадимки иш. Компания аз убакыттын ичинде көп аянтта изилдөө иштерин кыла алды жана биз биринчилерден болуп ушул Таш-Булак уран кен аянтчасын мамлекеттик баланска коюуга жетиштик. Учурда жалдануучу менен иштеп атабыз, ал «Борбор Азия уран компаниясы» деп аталат. Алар алынган лицензиянын жана биз менен түзүлгөн келишимдин негизинде бул жерде толугу менен чалгындоо иштерин жүргүзүшөт. Чалгындоо иштеринде колдонулуп жаткан бардык инвестиция Орусиядан келет. Алдыда Кара-Балтадагы комбинатта уранды иштетүү пландалууда.

Андан соӊ, комиссия мүчөлөрү урандын мигрорентгендик көрсөткүчүн өлчөп, алдын ала аныктама чыгарышты. Комиссиянын өкүлү өнөр жай, энергетика мамлекеттик комитетинен Карыбек Ибраев чалгындоо жүргөн карьер менен казылбаган жердин радиактивдүүлүгүн салыштырды.

— Казылбаган жерлер ар кандай мигрорентгендик көрсөткүчтү көргөзүп жатат. Орто эсеп менен мисал келтирсек, радиактивдүүлүк 100-130 деп чыкты. Ал эми чалгындоо иретинде казылып, кайра топурагы көмүлгөн карьерде 80-82 деп көрсөттү. Бул жакта топурактын үстүндөгү жеӊил минералдар жаан-чачында агып кетет экен, оор металлдар калып радиация жогору көрсөткөнүнүн себеби ошол.

Андыктан, кенге байланыштуу элдин талабын түзүлгөн комиссиянын өкүлдөрү дыкаттык менен карап, тереӊ изилдебесе, кайра иштетүүнүн жоопкерчилиги чоӊ экенин «UrAsia in Kyrgyzstan» ЖЧКсынын акционерлеринин өкүлү Андрей Акимов да белгиледи. «Эгер өкмөттөн макулдашуулар болсо, Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүнүн бир гана экономикалык эмес, экологиялык да пайдасы бар», — деди ал.

Албетте Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугу, элге зыян алып келбөө жолдору бизге да тиешелүү. Уран өндүрүмдөрү жана коопсуздугу боюнча буга чейин эл аралык мекемелер, анын ичинен Жапониялык компания менен да иштештик. Келишимде каралгандай, бардык акциялар жана компаниялар Кыргызстанда катталат. Төлөнгөн салыктар өлкөнүн бюджетине түшөт. Кирешенин үлүшү болжолдуу эки өлкөгө тең 50%дан туура келет. Талап боюнча уран кенин иштетүүдө жаратылыш зыян тартчу болсо, эл аралык уюмдар 2 мүнөттө ишкананы жаап коёт. Мындан улам, компания ар бир кадамын эл аралык уюмдар менен макулдашып таштап жатат. Май айында эл аралык серепчилер да өз баасын берет. Кен иштеп баштаса, радиациялык фон төмөндөйт.

Комиссиянын төрагасы болуп Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов дайындалган. Курамына тең төрагалар катары Мамэкотехинспекциясынын жетекчиси Жолдошбек Жунушов, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов кирген. Мындан тышкары, анализдик иликтөөгө саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдар жана башка бир катар министрликтердин, мекемелердин, Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү, Ысык-Көл облусунун жетекчиси, Тоң жана Кочкор райондорунун акимдери, Тоң районундагы Көк-Мойнок жана Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөттөрүнүн башчылары болуп 20дай адам тартылган.

Маалымдай кетсек, кенди чалгындап жаткан «UrAsia in Kyrgyzstan» ЖЧКсы Кызыл-Омпол уран кенин чалгындоого лицензияны 2010-жылы алса, мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрда бүтөт. Аталган компания 2015-жылдан бери 1632 тонна уран, 3338 тонна торий, 33800 тонна цирконий жана 4102 тонна титан магнитинин запасы бар экени аныктаган.

Copyright © 2017 Maral FM