Биз менен байланышыңыз

Уран казууга каршылык: Ысык-Көлдөн келгендер депутаттарга нааразы

Коом | 30 Апр 2019 | 641 | 0

29-апрелде Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында уранды казууга каршы өткөн митингдин катышуучулары Бишкекке карай жөө жүрүшкө чыгышып, жүрүш милиция кызматкерлери тарабынан токтотулган. Мындан улам, алар кичи автобустар жана жеке унаалары менен келүүгө аргасыз болушкан. Борборго келген Көлдүн тургундары жана аларды колдогон бир катар коомдук ишмерлер, укук коргоочулар жаанга карабай, Горький аянтында урандын казылуусуна каршы митинг өткөрүшүп, өкмөткө бир катар талаптар коюшту.

«Кыргызстандын келечеги талкаланбасын» деп, атайын Балыкчыдан келдим», — деген Гүлжамал башкалар суктанган Ысык-Көл эч ким келбеген кооптуу аймакка айлануусун каалабай турганын айтат. Ал бийлик элдин үнүн угуп, туура чечим чыгарат деген үмүттө.

— Уранга каршымын! Эч качан казылбасын! Кыяматка чейин казылбасын! Балдарыбыз майып болуп төрөлбөй, дени-карды соо өнүп-өссө экен дейм. Берметтей болгон көлүбүз, кооз табиятыбыз булганбаса экен деп тилейм. Биздин чоңдор ушул айткандарыбызды угуп, кайрылуубузду эске алат деп ишенем.

Горький аянтында өткөрүлгөн митингге бир да саясий партиянын, коомдук уюмдун тиешеси жок. Жалаң «Кыргызстанда уран кенин иштетүү мөөнөтсүз токтотулсун!» — деген талапты карманган карапайым эл чогулган. Бул тууралуу активист Марат Акатов билдирди. Ошондой эле, ал кырдаалдан пайдаланып, упай топтойм дегендер да болгонун кошумчалады.

— Биздин негизги талап Кыргызстанда уран кени жабылсын, ачылбасын. Түбөлүк мораторий киргизилсин. Биз кандайдыр бир саясий максатты көздөп, же бирөөнүн кол астында чыгып жаткан жерибиз жок. Упай топтойм деген ойдобу, айтор, бизге саясатчылар, ар кандай уюмдар сунуштарыбыз менен келели дешти. Бирок, биз аларды катарыбызга кошуудан баш тарттык. Бул жерге жалаң саясий максатты көздөбөгөн карапайым эл чогулган.

Ал эми Кочкор районунан келген Жыргалбек Сагындыков президент Сооронбай Жээнбековго чакырык таштап өттү.

— Президентибиз Сооронбай Жээнбеков бир кылчайып карашы керек. Негизи бул уран деген бизге жана биздин урпактарыбызга кооптуу. Муну бүгүндөн баштап, жаптырышыбыз кажет. 

Уран кенин иштетүүгө каршы өткөрүлгөн акцияга катышып кетүү үчүн эл өкүлдөрүнүн баарына кайрылуу болгон. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири манасчы Дөөлөт Сыдыков маалымдады. Мындан сырткары, ал элдин талабы толук аткарылмайынча, нааразычылык акциялары уланарын кошумчалады.

— Биз бардык эл өкүлдөрүнө кайрылганбыз, бирок эч ким келген жок. Буга чейинки митингдер да өз максатына жете элек. Максатына Кыргызстанда уран кендери казылбайт деген мыйзам чыккандан кийин жетет. Биз президент, премьер-министрден жооп күтөбүз.

Сөз болуп жаткан митингге удаа эле, Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында да уран казууга каршы акция өттү. Биринчи Май райондук башкармалыгы сотко кайрылып, 30-апрелде «Ала-Тоо» аянтында иш-чара өтөрүн кабарлап, митингди башка жерге жылдырууну өтүнгөн. Биринчи Май райондук соту бул өтүнүчтү канааттандырган эле. Аянтка чогулган «Жашылдар» партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев элдин конституциялык укугу тебеленип жатканын айтат.

— Мэрияга Уранга каршы акция өткөзөбүз деп, 22-апрелде жазганбыз. Биринчи Май райондук башкармалыгы сотко кайрылып, 30-апрелде «Ала-Тоо» аянтында башка иш-чаралар өтөрүн кабарлап, митингди башка жерге жылдырууну өтүнүптүр. Бизге тынчтык эле керек, урандын казылышына каршыбыз.

«Жашылдар» партиясынын да негизги талабы: уран казууга биротоло тыюу салуу жана мыйзамсыз кен казууга уруксат бергендерди жоопко тартуу.

— Биз: «Жашылдар» партиясы Эркин Бөлөкбаев менен, «Элет көйгөйү» коомдук бирикмеси жана «Лига» — баарыбыз биригип, ушул карапайым элдин жашоосун жакшыртуу үчүн аракет кылабыз. Баарыбыз бирдей принцип менен ушул кенди жаптырышыбыз керек. Бизге мындай кен зарыл эмес. Мындан сырткары, казууга лицензия, уруксат бергендер да жазасын тартышы керек. 

Митингдин жыйынтыгында, катышуучулар бийликке: «Кызыл-Омпол уран чачынды кендерин изилдеп казуу иштери токтотулсун жана эч кимге берилбесин; укук коргоо органдары тынчтык митингине катышкан жарандарды куугунтуктап, кысымга албасын; Кыргызстандын аймагындагы бардык уран кендери жабылсын, түбөлүк мораторий киргизилсин» — деген талаптарды коюп тарашты.

Copyright © 2017 Maral FM