Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Экология көйгөйүндө өкмөттүн да күнөөсү бар

Коом | 4 мая 2019 | 998 | 0

Дүйнө жүзүндө экология маселеси курч бойдон калып келет. Кыргызстанда да бул көйгөй жок эмес. Борбордук Азиядагы Америка университетинде «Бүгүнкү күндөгү экология көйгөйү жана аны чечүүнүн жолдору» аталышында жыйын болуп өттү. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана «Эко деми», «Арча демилгеси», «Велокоом», «Урбанисттер», «Прима» коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышып, экология маселесин заманбап технология, жаңы программалардын жардамы аркылуу чечүү жолдору талкууланды. 

Экологиялык көйгөйлөрдүн бири — таштандынын иштетилбегендиги. Өлкө боюнча адамдардын айлана-чөйрөгө зыян келтирүүсү өсүүдө.  Бул — негизинен тоого же көл жээктерине ташталган таштандылар. Айлана-чөйрөгө зыян келтирген көйгөйлөргө өкмөт тарабынан жетиштүү көңүл бурулбай жаткандыгын «Эко Деми» коомдук фондунун негиздөөчүсү Айжан Чыныбаева айтат.

— Тилекке каршы, таштанды — ар бир аймактын, ар бир шаардын көйгөйү. Негизинен шаарлардын жака-белиндеги эс алуу жайларына, тоого, көл жээктерине ташталган таштандылардан арыла албай жатабыз. Анын баары жаратылыштын жана абанын булганышына жеткирет. Айлана-чөйрөгө зыян келтирген көйгөйлөргө өкмөт тарабынан жетиштүү көңүл бурулбай, жетекчилик канча жолу алмашса да, маселе чечилбей келет. Айтайын дегеним, биз сын айтып эле тим болбой, жардам берүүнү да каалайбыз. 4 жылдан бери аймактык, шаардык бийликтер менен иштешүүдөбүз.

Бишкек — түрдүү өсүмдүктөрдүн, бак-дарактардын көптүгү жагынан Борбордук Азияда биринчи орунду ээлейт. Ботаникалык бакты жаңылоо жана калыбына келтирүү боюнча бекитилген башкы планда бак-дарактардын жана өсүмдүктөрдүн түрүн көбөйтүп, иретке салуу каралган. Эколог Дмитрий Ветошкин бул пландар өкмөт менен биргеликте ишке ашат деген ойдо.

— Бишкектеги Ботаникалык бакты жакшыртуу жана калыбына келтирүү маселеси 2016-жылы көтөрүлгөн. Премьер-министр менен болгон жолугушуу учурунда биз көтөргөн көйгөй боюнча иш-аракеттер жүрүп жатканын белгиледи. Маселеге ылайык, биз да үч жыл ичинде шаар тургундарынын катышуусунда сексенден ашуун ар кандай иш-чара өткөрдүк. Буга чейинки бийлик менен өнүктүрүү планын иштеп чыкканбыз. Эми, кылган эмгектерибиз жемишин берет деген ишеничтебиз.

Экологдор көтөргөн көйгөйлөрдүн жаралуусуна 27 жыл аралыгында системалуу иш жүргүзбөгөн өкмөттүн да күнөөсү бар. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Мындан сырткары, ал көтөрүлгөн көйгөйлөр жаратылышты коргоого умтулган активисттердин жардамынын аркасында жөнгө салынчу күн алыс эмес экенине токтолду.

— Экология жаатында маселе көтөрүлдү. Таштанды туура эмес жерлерге топтолгондугу айтылды. Экологдор көтөргөн көйгөйлөрдүн жаралуусуна системалуу иш жүргүзбөгөн бийликтин да күнөөсү бар. Учурда 27 жыл аралыгында 30 өкмөт алмашты. Активисттердин көтөргөн маселелери жакшы. Силердей беделдүү жаштардын маселени чечүүгө аракет кылганы бизди абдан кубантат.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов жарандык коомдор менен иштешүүнүн пайдасына жана алар көтөргөн маселелер боюнча жүрүп жаткан иштерге токтолду.

— Эгерде бизди ушундай коомдор колдоп, тирек болуп турса, маселени толук чечкенге кудуретибиз жетет. Мисалы, биз иштеп чыккан целлофан баштыктар тууралуу мыйзам көпкө чейин созулду. Эми буюрса ишке ашканы турат. Бул эң башаты болду.  Биз менен иштешкен ишкерлер да бар. Мындан сырткары, бүгүн кен калдыктары боюнча маселе айтылды. Алардын баарын рекультивация кылыш үчүн да долбоорлор керек. Урматтуу президентибиз МАГАТЭ жөнүндө айтып кетти. Бул да болсо, биздеги жакшы иштердин башаты. МЧСте долбоорлор башталуу алдында. Ага 2 миллиондой акча каражаты келген.

Мындан сырткары, жыйындын жүрүшүндө велокоомду өнүктүрүү, маданият, искуствонун жардамы менен ботаникалык бакты көбөйтүү, заманбап технологияларды колдонуп, таштанды менен арзан жана сапаттуу күрөшүү темаларында талкуу жүрүп, сунуштар айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM