Биз менен байланышыңыз

Балыкчыда уран казууга каршы митинг өттү

Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 867 | 0

Бүгүн Балыкчы шаардык мэриянын алдында уран кенин иштетүүгө каршы нааразычылык акциясы өтүүдө. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

Балыкчы шаарынын жергиликтүү активисттери уюштурган митингге болжолдуу түрдө 200дөй адам катышты. Чогулган эл уран кенин толук кандуу иштетпөөгө мораторий кабыл алынуусун талап кылышууда.

Аны менен катар, жергиликтүү тургундар Балыкчыдан Бишкек шаарына чейинки жөө жүрүшкө чыгууну пландап жаткан. Бирок Балыкчы шаардык соту жөө жүрүшкө тыюу салып, күндүзгү 10.00дөн -12.00гө чейин тынчтык митингин өткөрүүгө уруксат берген. Ошентсе да, активист Марат Акатов нааразычылык акцияда унааларга жолтоо болбой, жөө жүрүшкө чыгышарын билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM