Биз менен байланышыңыз

«Радиациялык фон төмөндөбөсө, уран кени иштетилбейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Апр 2019 | 1029 | 0

Кызыл-Омпол уран кенин чалгындоого лицензия алган «UrAsia in Kyrgyzstan» ЖЧКсы кенде жерди рекультивация кылат. Эгерде радиациялык фон төмөндөбөсө, кен иштетилбейт. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов «Марал» радиосуна берген маегинде  билдирди.

Анын айтымында, Кызыл-Омпол кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу ведомстволор аралык комиссия радиациялык фонду өлчөп, шамалдын ылдамдыгын  изилдейт.

Мындан сырткары, кенде жүрүп жаткан иштердин адамдын ден соолугуна, айлана-чөйрөнүн жана мал чарбачылыгынын абалына тийгизген таасирине мониторинг жүргүзөт.

«UrAsia in Kyrgyzstan» компаниясынын документтерин тактап, уруксат кандай негизде берилгенин аныктайт. Аталган компанияга лицензия 2010-жылы Курманбек Бакиев бийликте турганда берилген. Башкача айтканда, азыркы өкмөттүн лицензияга тиешеси жок. Өкмөт башчы комиссияга 10 күндө иш планын иштеп чыгууну тапшырды. Алар иликтөө иштерин качан бүтөрү белгисиз», — дейт Рустамов.

Ал белгилегендей, ведомстволор аралык комиссияга эл өкүлдөрү, көз карандысыз серепчилер, кенди иштетүүнү каалаган тараптар жана ага каршы чыккандар кошулушу зарыл.

Рустамов кошумчалагандай, Кажы-Сай, Миң-Куш сыяктуу уран иштетилген жерлердин маселеси СССР убагынан бери чечилбей жатат. Бул багытта Кыргызстан эл аралык МАГАТЭ уюм менен иштешип, өлкөдө кен калдыктарынын көйгөйүн чечүүдө.

«Кыргызстан МАГАТЭ уюмунун талаптарына жооп берип иштешүүдө. Миң-Кушка Орусиялык компания келип, 33 млн. доллар бөлүп жатат. Кен казган компаниялар  рекултьтивациялык фонд түзөт. Чалгындоо иштери жүргөн бардык жерде бир топ компания рекультивация процесстерин жүргүзгөн», — дейт Рустамов.

Айта кетсек, уран-торианит чачылмалары жердин бетинде жайгашкан. Учурда жердин бетинин жалпы радиациялык фону 40тан 80ге мкР/саат, айрым бѳлүмдѳрдѳ 130-150 мкР/саат чейин түзѳт.

Copyright © 2017 Maral FM