Биз менен байланышыңыз

Уран кендин иши убактылуу токтотулду

Коом | 22 Апр 2019 | 566 | 0

Ысык-Көл облусунун Көк-Мойнок айыл аймагынын Кызыл-Омпол Уран кенинде нааразычылык акциясы өткөрүлдү. Митингге 200гө жакын жаран катышып, геологиялык чалгындоого жана кайра иштетүүгө каршы пикирлерин айтышты.

— Элдин атынан ЖКнын 120 депутатына кайрылуу жасайбыз. Эгерде Уран кенинин ишин токтотууну колдобосоӊор, 2020-жылы элден добуш алам деп ойлобой эле койгула!

Ушул сыяктуу талаптары менен Тоң, Ысык-Көл райондорунан жана Балыкчы шаарынан чогулган 200гө жакын тургун нааразычылык акция уюштурган. Тынчтык митинги Кубакынын белинен башталып, Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенинде уланды. Анда активисттер кен казылса, Ысык-Көл эле эмес, бүтүндөй Кыргызстанга зыяны тиерин билдиришти.

— Туугандар, ыйык Ысык-Көлүбүздү сактап калалы. Буга чейин торпедосуна да, «Кумтөрдү» казганына да, аскердик машыгуу деп абада жардырганына да унчукпай келдик. Эми болсо ыйык жерибиздин кутун качырып, талаабыздан уран казабыз деп жатышат. Мындай нерселерге кайдыгер карабайлы.

— Азыркы күндө чындап келгенде адамдар эки жүздүү болуп калышты. Бийликтегилер эл алдына чыгып башканы сүйлөсө, иш жүзүндө башка кызматты аткарышат.

— Уран кенин казууга караманча каршымын. Бул кыргыз элине кереги жок нерсе. Анчалык зарылчылыгы болсо, келечек муундарыбыз заманбап үлгүдө уранды чыгарып, өлкөнүн өзү үчүн иштетмек.

Чогулгандар бир гана элдин саламаттыгына, экология маселесине токтолбой, аны туризмге да байланыштырышты. Себеби, быйылкы түшө турган пайда аз болору азыртадан билине баштаганын Ысык-Көл районунун тургуну Досубек Касмалиев айтып өттү.

— Мына Ысык-Көл районунан 30дай адам келдик. Районубуз туризм багытында иштегендиктен, ар жылы жаӊы жылдан баштап эс алууга буйрутма түшчү. Быйылкы жылы бир да жолу кайрылуу келген жок. Анын себебин Орусиялык, Казакстандык жарандар: «Силерде уран казылып жатыптыр», — деп түшүндүрүп жатышат. Азыр бир жеӊден кол, бир жакадан баш чыгарбасак, калкыбыздын келечегине кедергиси тиет.

Айтылган талаптарга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү уран кенине чалгындоо жүргүзүп жаткан компания боюнча өз маалыматтарын берсе, ЖКнын айрым депутаттары уран маселеси жыйналышта караларын убада кылышты. Ал ортодо Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Кызыл-Омпол уран кени боюнча экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырып, тез арада бир жыйынтык чыгарарын маалымдады.

— Бүгүнкү күнү атайын комиссиянын ишин күчөтүү, анын ачык жана айкын ишмердигин камсыз кылуу, ишке жогорку класстагы серепчилерди, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү Кеңештин депутаттарын, жарандык коомдун, жергиликтүү калктын активисттерин тартуу керек. Болушунча так жана ачык иштөө кажет. Эгерде уран кени адамдардын ден соолугуна жана экологияга зыян келтире турган болсо, анда кенди иштетүүдөн баш тартууга тийишпиз. Ал эми мындай тобокелдиктердин жок экендиги аныкталып жана технологиялык процесс толук бойдон коопсуз болсо, анда комиссиянын ишинин жыйынтыгына карап башкача чечим кабыл алуу зарыл. Ошондуктан мен комиссиянын ишин дыкат, ачык жана объективдүү камсыздоону тапшырам, — деди өкмөт башчы.

Copyright © 2017 Maral FM