Биз менен байланышыңыз

Жумабеков Түркиянын диаспора төрагасынын орун басарын кабыл алды

Кыска кабар | 22 Апр 2019 | 354 | 0

Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Диаспора жана боордош элдер иштери боюнча башкармалыгынын төрагасынын орун басары Саит Юсуфту кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкка тиешелүү билим берүү жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Төрага Дастанбек Жумабеков боордош эки өлкөнүн достук мамилеси бардык багытта өнүгүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле, Түркия тараптын кыргызстандык студенттерге жогорку окуу жайларында окуу мүмкүнчүлүгүн түзүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирген төрага, окуусун аяктаган студенттер Кыргызстанда мыкты адис катары өздөрүн көрсөтүп жатышканын кошумчалады.

Өз кезегинде Саит Юсуф жылуу кабыл алгандыгы үчүн Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, алакаларды арттыруу зарылчылыгы тууралуу пикирге кошуларын белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM