Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик чек арага товар ташып кирүүдө 22,4 миң тастыктоочу кагаз берилген

Кыска кабар | 22 Апр 2019 | 468 | 0

ЕАЭБга мүчө өлкөлөрүнөн товар ташуу менен алектенген тышкы экономикалык иштин катышуучулары ушул жылдын январь-март айына чейинки мезгилде мамлекеттик чек аралардагы транспортту көзөмөлдөө жана товарларды эсепке алуу убактылуу пункттарынан 22 миң 480 тастыктоочу кагазын көрсөтүштү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 1-октябрынан тартып кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын жанындагы 4 көзөмөл өткөрүү пункттарына жакын транспорттук көзөмөлдөө жана товарларды эсепке алуу боюнча убактылуу пункттар иштеп жатат.

Кыйыр салыктарды башкаруунун алкагында, Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 1-кварталында бюджетке 5 млрд. 43 млн. сом өлчөмүндөгү кыйыр салыктардын түшүүсүн камсыз кылды. Анын ичинен импортко 3 млрд. 849 млн. сом, импортко акциз 1 млрд. 204 млн. сом өлчөмүндө келип түшкөн.

Товарларды мыйзамсыз ташып келүү/ташып кетүү фактыларын,  ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдө мамлекеттик көзөмөлдөн өткөрүү талаптарын бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам көзөмөл жана рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө, жагдайларды аныктоо үчүн 161 унаа каражаты боюнча материалдар мобилдик топко өткөрүлүп берилген. Алар кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу Кыргызстандын аймагына өтүшкөн.

Бузуулар зарыл болгон документтердин, анын ичинде Казакстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун товарларды алып салуу тизмесине киргизилген товарлар боюнча документтердин, ташып келинүүчү жүктү тастыктоочу документтердин, аймактык салык органынан маалымкаттын жоктугу, же ташып келинүүчү жүктүн иш жүзүндөгү көлөмү тастыктоочу документте жазылган көрсөткүчтөргө дал келбегендиги менен байланыштуу болгондугу белгиленген.

Бардык убактылуу пункттарда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерден ташылып келинүүчү жүк жөнүндө аймактык салык органына маалыматты онлайн режиминде берүүгө мүмкүндүк берген, тастыктоочу кагаздарды эсепке алуу боюнча автоматташтырылган система орнотулган.

Copyright © 2017 Maral FM