Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө уран иштетүүгө каршы митинг уюшулууда

Кыска кабар | 22 Апр 2019 | 640 | 0

Ысык-Көл облусунун Көк-Мойнок айыл аймагынын Кызыл-Омпол уран кенинде нааразычылык акциясы өткөрүлүүдө. Жеринен кабарчыбыз билдиргендей, акцияга жакынкы Тоң, Ысык-Көл райондору жана Балыкчы шаарынан 200гө жакын жаран катышууда. Бул боюнча маалыматты жаштардын атынан Данияр Бөлтүрүков билдирген. Анын айтымында, коомдук саясий абал тынч, митинг тынчтык жолу менен уюшулган.

«Биз чындыгында, уран кенин иштетүүгө  каршыбыз. Ал жактан эмне деген уулуу заттар бөлүнүп чыгат. Өкмөттүн мүчөлөрү комиссия түзүп карап жатканы менен оң чечим чыгарарына ишенбейбиз. Белгилей кетсек, биздин максат экологияны жана калктын саламаттыгын сактоо болуп саналат. Биз эч кандай саясий күчтөргө кошулуп башка позицияга ообойбуз. Дегенибиз, эртең саясатчы Ө.Текебаевди колдогон митингге катышпайбыз», — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM