Биз менен байланышыңыз

Шри-Ланкадагы жардыруудан 42 киши каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Апр 2019 | 600 | 0

Бүгүн, 21-апрелде Шри-Ланканын Пасха майрамын белгилеп жаткан католик чиркөөлөрүндө  жана мейманканаларында 6 жардыруу болгонун BBC News маалымат агенттиги билдирди.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, 42 адам каза болуп, 300гө жакын адам жабыркаган.

Өлкөнүн борбор шаары Коломбодо 3 мейманканада жана бир чиркөөдө, ошондой эле  борбор калаанын жакын аймак Негомбодогу эки чиркөөдө жардыруу бирдей убакытта болгон.

Азырынча окуя боюнча жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

 

Copyright © 2017 Maral FM