Биз менен байланышыңыз

Президент Кыргызстандагы православ христиандарын Пасха майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 18 Апр 2020 | 411 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Кыргызстандагы православ христиандарын Пасха майрамы менен куттуктады.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Бул күнү жүрөктөр жаркын келечекке жетелеген үмүт, кубаныч жана ишенимге толоору куттуктоодо айтылат.

Бул майрам Кыргыз жергесинде эзелтеден бери конфессиялар аралык карым-катнаш, толеранттуулук жана элдердин биримдиги үчүн кызмат кылып келет.

Пасха майрамы — элдин сабырдуулугун бекемдеп, боорукер болууга, колдоого муктаждарга жардам колун сунууга умтулган мыкты сапаттарды бекемдейт.

Биз мамлекетибиздин башкы байлыгы болгон бардык конфессиялардын гармониялык кызматташуусун жана маданий көп түрдүүлүгүн бекем сактайбыз жана өнүктүрөбүз, — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Copyright © 2017 Maral FM