Биз менен байланышыңыз

Украинада президенттик шайлоонун 2-туру башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Апр 2019 | 507 | 0

Бүгүн, 21-апрелде Украинада президенттик шайлоонун 2-туру башталды. Өлкө боюнча 30 миңге жакын шайлоо участкалары ачылды.  Бул тууралуу eadaily.com басылмасы жазып чыкты.

Шайлоочулардын тизмесинде жалпысынан 29 млн. 789 миң 638 адам катталган. Шайлоо Бишкек сааты боюнча 11.00дө башталып, 23.00дө аяктамакчы. Шайлоо бюллютендеринде 2 талапкер, Украинанын азыркы президенти Петр Порошенко жана шоумен Владимир Зеленский бар.

Бүгүн Украинанын жергиликтүү убактысы боюнча саат 20.00дө шайлоо комиссиялары бюллетендерди эсептеп баштайт. Шайлоонун жыйынтыктары Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жаңыланып турмакчы. Борбордук шайлоо комиссиясы Украинанын  жаңы президентин 1 майга чейин аташы, 3-июнга чейин перзиденттин инаугурациясы белгилениши керек.

«Рейтинг» социалдык тайпасынын изилдөөлөрүнө караганда, Владимир Зеленскийди шайлоону пландап жаткандардын саны 73 %ды түзөт.  Ал эми учурдагы президент Петр Порошенкону шайлоодо колдойбуз дегендер 25 %ды түзгөн.

EADaily билдиргендей, кечээ кечинде Киевдин алтынчы апелляциялык соту Владимир Зеленскийди шайлоодон алып салуу боюнча Петр Порошенконун тарапташтары берген доо арызды  канааттандырган жок.

Copyright © 2017 Maral FM