Биз менен байланышыңыз

«Уран кенин иштетүүнүн экологиялык да пайдасы бар»

Кыска кабар | 21 Апр 2019 | 599 | 0

Кара-Балта тоо-кен комбинатынын жана «UrAsia in Kyrgyzstan» ЖЧКсынын акционерлеринин өкүлү Андрей Акимов: «Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүнүн бир гана экономикалык эмес, экологиялык да пайдасы бар. Бул боюнча 100% жоопкерчилик алабыз», — деп билдирди.

Анын айтымында, уран кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн эки жылдын аралыгында Орусия жана эл аралык уюмдардан серепчилер чакырылган.

«Уран өндүрүмдөрү боюнча иш алып барган жапониялык компания менен да иштештик. Келишимде каралгандай, бардык акциялар жана компаниялар Кыргызстанда катталат. Төлөнгөн салыктар өлкөнүн бюджетине түшөт. Кирешенин үлүшү болжолдуу эки өлкөгө тең  50%дан туура келет. Талап боюнча уран кенин иштетүүдө жаратылыш зыян тартчу болсо, эл аралык уюмдар 2 мүнөттө ишкананы жаап коёт. Мындан улам компания ар бир кадамын эл аралык уюмдар менен макулдашып таштап жатат. Май айында эл аралык серепчилер да өз баасын берет. Кен иштеп баштаса, радиациялык фон төмөндөйт», — дейт Акимов.

Ал белгилегендей, 25-апрелде Кара-Балта тоо-кен комбинатынын акционерлеринин чогулушу өтөт. Ушундай эле жолугушуу «UrAsia in Kyrgyzstan» компаниясынын акционерлеринин арасында да уюштурулуп, директорлор кеңешинин мүчөлөрү аныкталат.

Алдыда жергиликтүү эл үчүн Кызыл-Омпол уран кенине экскурсия уюштуруп, жасалып жаткан иштер боюнча маалымат берүүнү пландалып жатат.

«Биз балким, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө кеч калдык. Бирок мындай иштерди кен казып алууга жакын масштабдуу түрдө баштайлы деп турганбыз. Эгер кенди иштетүүгө уруксат берилип калса, жумушчу долбоор түзүп, жергиликтүү эл менен макулдашабыз. Бүгүн уруксат берилсе, эртең казып баштайбыз деген маселе жок. Учурда компания чалгындоо иштерин гана жүргүздү. Кенди иштетүү экономикалык жана экологиялык пайда алып келери боюнча алдыда жарым жыл бою жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт», — деди Акимов.

Ал буга кошумча, компания лицензияны кармап турганы үчүн тийиштүү салыктарды өз убагында төлөп келе жатканын эске салды.

Маалыматка ылайык, «UrAsia in Kyrgyzstan» 2012-жылдан тарта Социалдык фондго 23 миллион сомдон ашуун акча каражат которгон. Тоң районунун Салык салуу мамлекеттик башкармалыгына 10 миллион сом салык төлөгөн.

Ал эми лицензияны кармап туруу үчүн 32.2 миллион сомду Тоң районун Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө жана13.3 миллион сом Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөтүнө которгон. Мындан сырткары, лицензияны кармап туруу үчүн компания  2012-2018 жылга карата 30 миллион сом төлөп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM