Биз менен байланышыңыз

Кызыл-Омпол уран кени (фото)

Коом | 21 Апр 2019 | 604 | 0

Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия кен менен жеринен таанышты.

Кызыл-Омпол уран-торианит чачылмаларынын топтому (Баке, Таш-Булак, Узун-Сай, Түндүк, Оттук) 1951-жылы ачылган. Кызыл-Омпол тоосунда жайгашкан  чачылмалар Ысык-Көл облусунун Тоӊ районуна жана Нарын облусунун Кочкор районуна карайт.

2010-жылы «UrAsia in Kyrgyzstan»  ЖЧКсына Кызыл-Омпол аймагына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүүзүүгѳ лицензия берилген.

«UrAsia in Kyrgyzstan» чалгындоо прораммасына жалпысынан 271 млн. сомдон ашык акча каражат сарптайт. Компания 2012-жылдан тарта Социалдык фондго 23 миллион сомдон ашуун акча каражат которгон. Тоң районунун Салык салуу мамлекеттик башкармалыгына 10 миллион сом салык төлөгөн.

Мындан сырткары, лицензияны кармап туруу үчүн төлөмдү 32.2 миллион сомду Тоң районун Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө жана 13.3 миллион сом Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөтүнө которгон.

Жердин бетинин жалпы радиациялык фону

Уран-торианит чачылмалары жердин бетинде жайгашкан. Учурда жердин бетинин жалпы радиациялык фону 40тан 80ге мкР/саат, айрым бѳлүмдѳрдѳ 130-150 мкР/саат чейин түзѳт.

Казылган жердин жалпы радиациялык фону

Радиоактивдик кумдардын негизги массасы тилкенин (разрездин) ѳйдѳңкү бѳлүгүндѳ 25 метр тереңдикте жайгашкан.
Ѳйдѳңкү катмарларды иштетүү радиоактивдик кумдарды алып чыгаруу үчүн радиациялык фондун жалпы деңгээлин тѳмѳндѳтѳт.

Таш-Булак чачылмасынын иштетүү ыкмалары – кумдарды гравитациялык жолу менен тазалоо экологиялык таза ыкма, техникалык суудан  башка эч кандай реагентттер  колдонулбайт.

Кендин кызматкерлеринин жатаканасы

Кенде иштеген кызматкерлердин формасы

Учурда чалгындоо иштерин 112 адам жүргүзүп жатат. Алардын ичинен 90у — жергиликтүүлөр. 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM