Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев «Тез жардам» унаасы кечикпей келүүсүн талап кылды

Коом | 19 Апр 2019 | 545 | 0

Өкмөт башчы белгилегендей, бул жылы медициналык тез жардам тутумун модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулат. Себеби, «Тез жардам» унааларын чакырган тургундар үч саатка чейин күтүп калбашы керек. Мындан улам, Бишкектин тургундары тез жардам кызматына ишенеби? — деген суроо пайда болот.

Бишкек шаарынын Тез жардам борборунун директору Искендер Шаяхметов «Тез жардам» унаасы чалуу түшкөн жерге 15-20 мүнөттүн ичинде  барып каларын, ал эми кечигүү себептерин унаанын аздыгы жана кызматкерлердин жетишсиздиги менен байланыштырды.

— Негизи «Тез жардам» унаалары 15-20 мүнөттө эле барып жатат. Кээде андан көпкө күттүргөн учурлар болуп калат. Мунун себеби, унаалардын аздыгы жана кызматкерлердин жетишсиздигинен улам келип чыгууда. Мисалы, Бишкекте мамлекеттик тез жардам кызматында балдар адистери жокко эсе. Кесип оор болгондуктан, кызматкерлер бул багытты тандоодон качып жатышат.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматовдун пикиринде, Кыргызстанда тез жардам кызматы талапка ылайык иш алып барууда. Облустарда да «Тез жардам» унаалары жыл сайын толукталып жатат.

— «Тез жардам» унааларын жылыга алмаштырып турабыз. Жыл сайын жаңы унаалар келип жатат. Бишкек мэриясынан атайын «Тез жардам» унаалары жардам катары берилген. Облустарды карап көрсөк, Нарынга, Көлгө жана Алайга былтыр «Тез жардам» унаалары барган. Эми өлкөнүн бюджетин өзүңөр көрүп жатасыңар, 120 «Тез жардам» унаасын Бишкекке толук алып бере албасак да, жаңылануулар болуп эле келатат.

Анткен менен бүгүнкү күндө шаар тургундары «Тез жардамга» канчалык ишенет? Элдин оюн угуп көрдүк.

— «Тез жардам» мурун эле кеч келчү, эми минтип камералар коюлгандан бери, такыр эле жайлап калды.

— Менин кызым көп ооруйт. Ала Тоо конушунда турабыз. Ар дайым чакырам, кечикпей убагында келишет. Ыраазы болуп калам кадимкидей.

— Мен кайрылганда 42 мүнөттө араң келген. Жолдошум чыдай албай, акырында өзүм эле менчик унаамды айдап чыга берсемби деген ойго да кеткем.

-Тез жардам эмес эле, азыр «кеч жардам» болуп калды. Эрте келишсе да жардам бергенге жабдыктары жок кайра артка кетишет.

Ал арада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев медициналык «Тез жардам» унаалары үч саатта эмес, 15-20 мүнөттө келиши керек деген тапшырманы берди. Аны менен катар бул багытта иштегендердин айлык маянасын да кароону тапшырды.

— Жыл сайын саламаттыкты сактоого 20 миллиард сомдун тегерегинде акча бөлүнөт. Бишкек шаардык Тез жардам кызматынын иштелип чыккан автоматташтырылган башкаруу тутумун башка кызматтардын маалыматтык системалары менен интеграциялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу керек. Бул иш принциби акырындап бүтүндөй республика боюнча киргизилиши зарыл.

Адистердин маалыматында, Бишкек шаарына 120 тез жардам унаасы керек. Борбор калаада учурда 68 унаа болсо, анын 33ү гана колдонулууда.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM