Биз менен байланышыңыз

15-июлда Кыргызстанга дарылар, ИВЛ жана 13 тез жардам унаасы алынып келинет

Кыска кабар | 10 Июл 2020 | 1081 | 0

Кыргызстанга 15-июлда жасалма дем алуучу аппараттар, дары-дармектер, ар түрдүү медициналык шаймандар жана 13 тез жардам унаасы алынып келинет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган медициналык аппараттар Дүйнөлүк банктын «Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулугун жогорулатуу» (ERIC) долбоорунун алкагында, 9 миллион долларга алынат.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Бишкек шаарында тез жардам унааларынын жетишсиздиги курч көйгөй бойдон калып жаткандыгын билдирген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM