Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Тез жардам» бригадалары жетишпейт

Ден соолук , Жаңылык | 27 Ноя 2020 | 1409 | 0

Бишкек шаарында «Тез жардам» бригадаларынын жетишсиздиги курч көйгөй бойдон калууда. Ыкчам медициналык жардам борборунун жетекчисинин орун басары Болотбек Абдылдаевдин айтымында, 1 миллиондон ашуун калкы бар Бишкек шаары үчүн 120 ыкчам бригада болушу керек. Бирок, азыркы учурда борбор калаада болгону 38 «Тез жардам» унаасы бар. Бул талап кылынган нормадан 3 эсеге аз дегендик.

«Бизге дарыгерлер да жетишпейт. Учурда 80 бош орун бар. Биринчи кезекте, атайын кызматта иштей турган дарыгерлерди окутуу, айлыгын көтөрүү керек. Азыркы маянасы 5 миң сомдон башталат. Ага ким иштейт?» — дейт Болотбек Абдылдаев.

Чакыруу көп түшкөн маалда айрым бейтаптарга телефон аркылуу эле кеңеш берилип, бирок бригада бара албай калган учурлар болуп турат. Айрыкча ушул жылдын июнь, июль айларында Бишкек шаарында эле күнүнө 5 миңге чейин кайрылуу болгон.

Кожобек Дыйканбаев Бишкектеги «Тез жардам» кызматында иштегенине эки жылдын жүзү болду. Ал реаниматолог катары ар кандай оор жараат алган адамдарга ыкчам жардам көрсөтөт. Борбор калаада медициналык ыкчам бригадалардын саны аз болгондугуна байланыштуу суткалап эс албай иштеген күнү көп болот.

«Бир бригада суткасына 20га чейин чакырууга барганга туура келет. Кээ бир чакыруулар аябай оор болсо, көп убакыт жүрүп калабыз. Бул жакта сутка ичинде уктап эс алганга болбойт. Реаниматолог болгондугума байланыштуу жол кырсыгы, өрттөн жабыркаган оор бейтаптарды караганга туура келет. «Тез жардамда» иштеген дарыгерлердин саны өтө эле аз. Айлык аз болгондугуна байланыштуу, көпчүлүгү тажрыйба алып гана кетип калышат», — дейт ал.

Дыйканбаев бул эмгеги үчүн болгону 7 жарым миң сом алат. Анын айтымында, көпчүлүк адистер маянанын аздыгына байланыштуу да ыкчам топтордо иштегилери келбейт.

Өкмөт экономикалык абалдын оордугуна карабай,  бул маселени чечүүгө аракет көрүп жатканын вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева маалымдаган.

Бул көйгөй аймактарда да бар. Алсак, Баткен облусунда жалпы 35 унаа болсо, норма сакталышы үчүн дагы 19 унаа керек. Баткен облусунун Бужум айылынын тургундары мындай учурда өкмөттү күтпөй, жарандардын демөөрчүлүгү менен 8 тез жардам унаасын сатып беришкен.

Copyright © 2017 Maral FM