Биз менен байланышыңыз

Баткен: Оңдоп-түзөөгө муктаж вино завод

Коом | 19 Апр 2019 | 923 | 0

 Баткендин Чоң-Талаа айылындагы вино заводу мындан 40 жыл мурда иштеп баштаган. Учурда эскилиги жетип, оңдоп-түзөөгө муктаж. Ошентсе да, союздан калган жалгыз ишкана өз ишмердүүлүгүн токтотпой, жылына 1000 тоннага жетпеген  вино даярдап чыгарат. Ишкананын жетекчиси Ысак Касымовдун айтымындааймактагы жүзүм бактар иштетилбей калгандыктан, аталган заводдун өндүрүмдүүлүгү начарлап кеткен.

— Союз мезгилине салыштырмалуу өндүрүш бир топко азайган. Себеби, жүзүм бактар элге туура эмес бөлүнүп берилип, көпчүлүгү мурдакыдай каралбай калды. Айрымдары жок болуп да кетти.

Ошондой эле, Ысак Касымов учурда кооперативдер тарабынан жана Чоң-Талаа айыл өкмөтүнүн карамагындагы 70 гектар жүзүм талаасынан жыйналган түшүмдүн негизинде заводдо винонун эки түрү иштелип чыгып жатканын, андагы өндүрүштөр Бишкекке жана Казакстанга экспорттолоорун кошумчалады.

— Сырье аз болсо да, токтотпой чыгарып жатабыз. Негизги сырье айыл өкмөттүн карамагындагы жүзүм бактардан алынып келинет. Анан анча-мынча дыйкандар өткөрүп калышат. Дагы бир кейиштүү жагдай, аппараттар абдан эски. Ошондуктан өздүк наркынан кымбатка туруп калып жатат. Өндүрүшкө керек болгон электр энергия, суу сыяктуу чыгымдар өлчөмүнөн көп иштетилет. Учурда биз накта вино азыктары: кызыл жана ак түрүн чыгарып жатабыз. Ошондой эле, коньяк да даярдайбыз.

20 жыл мурда менчиктештирилип кеткен вино заводго союз убагында Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорундагы дыйкандар жүзүм тапшырып турушкан. Ал убакта ишкана 2000 тоннадан ашуун  вино чыгарып, чет жактарга экспорттоп келген. Бирок учурда жүзүм талаалары иштетилбегендиктен, сырье жетишсиз. Чоң-Талаа айылынын тургуну Бахридин Талибаев айылдагы 300 гектардан ашуун жүзүм талаасы өлкө эгемендүүлүктү алгандан бери иштетилбей калганын айтат.

— Үлүшкө туура эмес бөлүнгөн. Мындай өнөр жай тармагына керектүү аянттарды элге бөлүп бербеш керек болчу. Эгерде бул жерлер өкмөткө же заводдун өзүнө берилгенде, жүзүм өстүрүү сакталып калмак.

Ишкананын тетиктери жана жабдыктарынын эскилиги жеткендиктен, ишкана жетекчилиги капиталдык оңдоодон өткөрүп, башка багытта иш алып барууну көздөшүүдө. 3 гектарды ээлген ишкананы оңдоп-түзөөгө  3млн. АКШ доллары сарпталат экен.Бирок каржы булактарынын жоктугунан завод ишин жанданта албай, же жаап салалбай убара тартып турушат.  Вино заводдо технолог болуп эмгектенген Акылбек учурда бир гана эски аппарат иштерин кошумчалады.

— Убагында 2 нөөмөт менен дүркүрөп иштеп турганбыз. Ал кезде 3 аппарат иштечү. Азыр болсо бир эле аппарат бар. Анын да эскилиги жеткен.

Эске салсак, ишкана 2014-жылдан бери Глобалдык жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан ишин алып барып келет. Жыл сайын июнь айынан тарта күз мезгилине чейин иш кызуу жүрөт. Вино чыгарган заводдо учурда 15 адам эмгектенет.

Copyright © 2017 Maral FM