Биз менен байланышыңыз

АЛП КЫРГЫЗДАРДЫ майдалар түшүнөбүзбү?

Блог | 19 Апр 2019 | 1387 | 0

Кызык… Бүгүн алп кыздар менен сүйлөшүп олтуруп, өз атамды ойлондум.

Мен бою 2 метр келген, узун адамдын кызымын. Ушул кезге чейин атамдын узун бою тууралуу көп ойлонбоптурмун. Башка адамдардын арасынан кадимкидей бөлүнүп, төбөсү чыгып, айрым коомдук унааларга батпаганы үчүн түшпөй койгон атамды мен бүгүн түшүнгөн сыяктуумун, аяган сыяктуумун. Эгер сиздин да алп тууганыӊыз болсо, аларды түшүнгөнгө аракет кылыӊыз дегим келип калды.

«Марал» радиосуна конокко келген Элзада Абдыжапарова жана Чолпон Сатыкеева аттуу модель кыздар кыргыз кийимдерин, элечектерин Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн иш-чараларда даңазалап, көргөзүп келет. Алардын кийимдерин тиккен — таланттуу уз Асел Калканова. Асел айым жакында Араб өлкөсүндө болуп өткөн этнофестивалга барган кыргыз алптарына кийим тикти.

Асел Калканова: — Алптарга кийим тигүү чынында оор болду, мынчалык кыйналган эмесмин. Өтө жоопкерчиликтүү иш болгондуктан, «Манас» эпосу менен кайра баштан  таанышып чыктым. Баарынан да «Манастагы» Сыргактын образы жагып, ошол образдын негизинде кыргыз алптарына шамдагай, чапчаӊ, баатыр жигиттин кийимдерин, курал-жарагын иштеп чыгып, тапшырык бердик. Кыздар да Бугу эненики сыяктуу атайын иштелген образдар менен барышты. Алптар менен иштешүү ары татаал, ары кызыктуу экен.  Булар да сыртынан чоӊ көрүнгөнү менен жан дүйнөлөрү өтө башкача келет.

Элзаданын апасы, туугандары өтө бойлуу. Алар чыныгы алп үй-бүлө десек болот. Ал эми Чолпондун ата-энесинин бою анчейин узун эмес. Бирок Чолпон — бир туугандарынын ичинен эӊ узуну.

Алптардын жашоо образы жөн адамдардан бир аз айырмалуу. Себеби, аларга базардагы кадимки кийимдер, жууркан-төшөк, буюм-тайымдардын өлчөмү туура келбегендиктен, көпчүлүгүн атайын тапшырык менен жасатышат. Баса, алар башкаларга салыштырмалуу тамакты да бир аз көбүрөөк ичерин айтышты.

Сауд Аравияда өткөн этнофестивалда кыргыз алптары чогуу жүрүшкөн. Алар өздөрүндөй бойлуу адамдардын арасында жүрүү ушунчалык жагымдуу экенин айтышып, Кыргызстанга келгенде, бири-бирин бир туугандай сагынышканын кошумчалашты. Анткени, бойлуу адамдарга карата коомчулук өтө аяр мамиле кыла албайт. Алптарды түшүнбөстөн «бөө», «дөө», «төө» деген сыяктуу шылдың-шыкак «арнап» ийчүлөр да жок эмес.

Мен сөз башында атам тууралуу айттым эле. Соңун да ошол сөз менен жыйынтыктайын. Дегеним, Кыргызстанда алп адамдар аз эмес. Кол өнөрчү Асел Калканова Кыргызстандын булуӊ-бурчундагы алптарды чогултууга көмөктөшчүлөр болсо, улут үчүн, бойлуу адамдарды сактап калуу үчүн мыкты иш-чаралар уюштурулмак деп кошумчалайт. Мүмкүн, арабызда Асел айымдын демилгесин колдоп, мен сыяктуу өзүнүн бойлуу жакынын сүйүндүргүсү келгендер болсо, КЫРГЫЗ АЛПТАРЫН чогултууга кол кабыш кылар, көп түкүрсө көл болор…  Алардын жылына бир жолу эле чогулуп коюусу, бир топ адамга дем-күч болот эле. Себеби, бою узун адам көрктүү, баатыр, сымбаттуу, сүрдүү ата-бабаларды эске салат экен. Атаӊгөрү, биз ичинен да, сыртынан да майдаланып кетпедикпи…

Журналист Жазгүл ЖАМАНГУЛОВА

Copyright © 2017 Maral FM