Connect with us

2018-жылы «Кепилдик фонд» жалпысынан 507 млн сом суммасында кепилдик берди 

Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 538 | 0

2018-жылы «Кепилдик фонд» ачык акционердик коому жалпысынан 507 млн. сом суммасындагы кепилдиктерди берүү менен кичи жана орто ишкерликке колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кепилдикке алынган банк кредиттеринин көлөмү 1,779 млрд. сомду түздү. 2016-жылдын башынан тарта 2018-жылы «Кепилдик фонд»  755 млн. сом суммасына 656 кепилдик берген, ал эми ишкерлер тарабынан фонддун кепилдиги астында алынган кредиттердин суммасы 2,752 млрд. сомду түзөт.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча кирешенин планы 14,8 млн. сомду түзсө, иш жүзүндө 25,6 млн. сом суммасындагы киреше алынган, мында өсүш 173 %ды түзөт.

Кепилдиктерге жараша 1225 жаңы жумушчу орун түзүлгөн, иштеп жаткан 5887 жумуш орду колдоого алынган. Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу долбоорлорго 141 млн. сомдук 48 кепилдик берилген. Аял ишкерлерге 224 млн. сом суммасындагы 196 кепилдик берилген.

Кепилдиктер  айыл чарба жана балык чарбасына – 20 %, кайра иштетүү өнөр жайына – 18 %, айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүүгө – 14 %, соодага – 24 %, туризмге – 10 %, транспортко – 6 %, тейлөөгө – 7 %, курулушка – 1 % бөлгөн.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын соңуна карай «Кепилдик фонддун» активдери 819,7 млн. сомду түзсө, анын ичинде жеке капиталы 613 млн. сомду түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM