Биз менен байланышыңыз

«Парламентте ири маселелерде тилектештерди издеп калуудабыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Апр 2019 | 456 | 0

Саясий партиялардын күчү лидерлерге байланыштуу болуп жатат. Мындай пикирин Жогорку Кенештин депутаты Жанар Акаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өнүккөн өлкөлөрдө партиялар маселенин тегерегинде талашып-тартышса, Кыргызстанда лидердин тегерегинде сөз болот. Эгерде партиянын лидери соодалашып алган болсо, партия ошого макул болот. Башкача айтканда, лидерлерге көп укуктар берилип калган.

«Биз парламентте ири маселелерде тилектештерди издеп калуудабыз. «Колдоп берип койгула, ушул кишини өкмөткө өткөрбөй эле коёлу, жардам берип койгула», — деп тилектештерди издеп калган учур болот. «Коё тур, каршы чыкпа», — деген окуялар болуп келе жатат. Биз анын баарын туруктуулук менен жеңебиз», — дейт Акаев.

Ал сындан сырткары, депуттар өзүнүн гана аймагына жан тартып үйрөнүп алганын белгиледи.

«Эл өкүлдөрү айыл, райондун денгээлинен көтөрүлүп, бардык аймакка бирдей мамиле кылышы керек. Биздин таянганыбыз — коомдук пикир. Депутаттардын жоопкерчилигин күчөтүү үчүн эл, журналисттер алардын ишине анализ жасап, баа бериши зарыл», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM