Биз менен байланышыңыз

«6 миллион элдин 3,5 миллиону депутат болгусу келет»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Апр 2019 | 475 | 0

6 млн. кыргыздын 3,5 миллиону парламентте депутат болушум керек деп жүрөт. Бул жаман эмес. Мындай пикирин Жогорку Кенештин депутаты Жанар Акаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк жаштар парламентте депутат болууну көздөйт. Бирок, ар бир жаш саясаттан мурда өз кесибин майын чыгарууга үйрөнүшү керек.

«Эч ким Ак үйгө килем салып, жаштарды күтпөйт. Жаштар да бийлик үчүн күрөшүп, элди ынандырып, добуш алышы керек. Добуш алып, башка саясатчыларды сүрүп чыгаруу зарыл», — дейт Акаев.

Copyright © 2017 Maral FM