Биз менен байланышыңыз

Акаев: КСДПны эмнеге талашышат? Таң калам

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Апр 2019 | 543 | 0

Юстиция министрлиги КСДП партиясынын лидерин алмаштырып, жаңы жетекчи катары Сагынбек Абдрахмановду каттап, туура эмес окуя болду. Мындай пикирин Жогорку Кенештин депутаты Жанар Акаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, КСДПдагы кырдаалдан соң, башка партиялар да юридикалык маселелерге маани берүү зарыл экенин түшүндү. Бирок жасалма лидер эч качан түбөлүктүү болбойт. Андайлар лидер катары узак мөөнөткө иштей албайт.

«Сагынбек Абдрахманов же башка болобу, аларды атайын лидер кылсаң да, эл лидер катары тааныбайт. Алсак, саясатчы Өмүрбек Бабанов «Республика» партиясын түптөп кетти. Учурда партиянын лидерлери улам алмашып жатат. Бирок, алар канчалык деңгээлде жакшы иштей аларын билбейм», — дейт Акаев

Эл өкүлү КСДП оор күндөрдөн өтүп жатканын айтып, бирок бул учур партияларды такшалтарын белгиледи.

«Экономиканын өспөй жатканына жана башка бир топ маселелерге КСДП жооптуу. Ал партияны эмнеге талашышат, таң калам. Болбосо элде КСДПга болгон пикир белгилүү эле. Буга кошумча, эгер экс-президент Алмазбек Атамбаев менен өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тирешпегенде, КСДП кала бермек. Атамбаев баш көтөрдү эле, Дача-Су боюнча иш кайра каралары айтылды. Ошондой эле саясатчы Өмүрбек Бабанов келет дешти эле, Asia Mall соода борборунун ордуна стадион салынышы керектигин айтып чыгышты. Баш көтөрүлбөсө да, мындай иштер иликтене бериши керек», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM