Биз менен байланышыңыз

Акаев: Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүгө 1 сом да керек эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Апр 2019 | 466 | 0

Жогорку Кенештин депутаты Жанар Акаев “Марал” радиосуна берген маегинде өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүгө каражаттын кереги жоктугун билдирди.

Анын айтымында, бийлик айрым учурларда уюшкан кылмыштуу топторторду колдонууга кызыктар болот. Алсак, кайсы бир партия күчтөнүп, аны ири бизнесмендер колдоп бара жатканда бийлик ал ишкерлерге уюшкан кылмыштуу топторду колдонот.

«Буга чейин мындай көрүнүштөр болгону белгилүү. Уюшкан кылмыштуу топтортордун орду ушундай. Бирок өкмөт аларды бир айдын ичинде жок кылууга болот. Мамлекет уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүшү керкек. Алар менен күрөшүүгө 1 сом да керек эмес. Бир тапшырма менен алардын ордун көрсөтүп коюга болот», — дейт Акаев.

Copyright © 2017 Maral FM