Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаев: Өз алдынча партия түзүү керек

Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 2335 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Марал» радиосуна берген маегинде өз алдынча партия түзүү керектигин билдирди. Анын айтымында, учурда партия түзөм дегендер күчтүү, билимдүү адамдарды эмес, акчалууларды издеп жатат. Бирок, бул туура эмес.

Акаевдин пикиринде, көпчүлүк партиялардын каражаты, шайлоочулары жок. Мындай жагдайда партиялар бизнес кызыкчылыгы үчүн биригет да, парламентке келгенде элдин үнүн жеткире албайт. Бирок убактылуу жеке кызыкчылык менен түзүлгөн партиялардын «өмүрү» узун  болбой турганын депутат кошумчалайт.

«Биз партиянын ичинен талапкерлерди да тандашыбыз керек. Каржы маселесин чечүүдө бийлик бардык партияга бирдей мамиле кылышы керек. Азыр бийликчил партия шайлоо алдында акча таратса, милиция ага көз жумуп коёт. Бирок оппозициялык маанайдагылар акча таратса, дароо кармашат«, — дейт Акаев.

Кошумчаласак, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM