Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев аскер кийимдерин тигүүчү ишканаларды колдоого чакырды

Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 500 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине аскер кийимдерин тигүүчүлөрдү колдоо механизмдерин иштеп чыгууну жана киргизүүнү тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппаратын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тиричилик тейлөө мамлекеттик комбинатынан тигилген аскер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин формалык кийимдеринин үлгүлөрү менен таанышты.

Мухаммедкалый Абылгазиев ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо боюнча таасирдүү чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул жумуш орундарын түзүүнү, жеңил өнөр жайын өнүктүрүүнү жана социалдык маселелерди чечүүнү шарттай тургандыгын белгиледи.

Мындай максатта Өкмөт башчы жергиликтүү комбинаттардын мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп чыгып, сапаттуу аскер кийимин, жарак-жабдыктарды жана бут кийимдерди ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн сатып алууга бардык зарыл шарттарды түзүүнү тапшырды.

Бирдиктүү мамлекеттик тапшырыкты ишке ашыруу үчүн Өкмөт башчы формалык кийимдер менен зарыл санда камсыз кылуу жаатында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тиричилик тейлөө мамлекеттик комбинатынын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тууралуу сунуштарды иштеп чыгууну, ошондой эле техникалык-экономикалык негиздемеси жана формалык кийимдерге керектөөнүн эсеби такталган тиешелүү чечим долбоорун Өкмөткө киргизүүнү тапшырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM