Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-Орусия Парламенттеринин жетекчилери жолугушту

Кыска кабар | 18 Апр 2019 | 418 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Орусия Федералдык Жыйынынын Федералдык Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен баарлашты.

Эки өлкөнүн парламент башчылары бүгүн, 18-апрелде Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында өткөн КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги отурумдарынын алкагында жолугушту.

Төрага Жумабеков Кыргызстан эки тараптуу мамилелерди арттырууга өзгөчө басым жасарын белгилеп, кызматташтыкты стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында өнүктүрүү керектигин белгиледи.

Өз кезегинде Валентина Матвиенко Жогорку Кенештин делегациясынын сунуштары эске алынарына токтолду. Муну менен катар, Матвиенко Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттер аралык аянтчада дайыма жигердүүлүгүн көрсөтүшөрүн айтып, КМШ ПААнын жыйындарына үзгүлтүксүз катышып турарын мисал кылды.

Copyright © 2017 Maral FM