Биз менен байланышыңыз

Согдиана жана «Ялла» тобу Бишкекке келет

Кыска кабар , Шоу-бизнес | 18 Апр 2019 | 667 | 0

Бишкек шаарынын күнүнө карата Өзбекстандын жана Орусиянын ырчысы Согдиана жана Өзбекстандын «Ялла» тобу шаардыктарды куттуктоо үчүн келери күтүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Борборубуздун 141 жылдыгын утурлай муниципалитет майрамдык программаларды даярдады.

Концертке аталган коноктордон тышкары, кыргыз шоу-бизнесинин көрүнүктүү өкүлдөрү: Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков баштаган ырчылар, «Элес», «Инсан» топтору катышат.

Иш-чара 29-апрель күнү саат 19:00дө «Ала-Тоо» аянтында өтөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM